Талас. ЖКнын төрагасы Асылбек Жээнбеков иш сапары менен Таласта

Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков жана ЖКнын бир канча депутаты Талас облусундагы социалдык объектилердин абалы менен таанышып чыкканын ЖКнын басма сөз кызматы билдирди. Алгач төрага Талас районунун Ак-Сай айылындагы лицей-интернатында болду. Жолугушуунун жыйынтыгында аталган лицейге А.Жээнбеков Жогорку Кеңештин атынан интерактивдүү такта берүү менен бирге материалдык жардам да көрсөттү. Андан соң депутаттар Талас шаарындагы майып балдардын “Теңир, колдо” калыбына келтирүү борборуна барды. Аталган борбордун директору Абдымалик Акматовдун берген маалыматына караганда, бул борбор Талас шаарындагы №365-бала бакчанын базасында майып балдардын ата-энелеринин коомдук бирикмеси тарабынан түзүлгөн. Жолугушуу соңунда төрага А.Жээнбеков Жогорку Кеңештин атынан борборго плазмалык сыналгы, DVD жабдуулары менен материалдык жардам берди. Сапардын жүрүшүндө эл өкүлдөрү Бакай-Ата районунун Кызыл-Сай айылындагы орто мектептин (мурдагы Чалдыбар мектебинин) авариялык абалда турган имараты менен да таанышып чыкты. Мындан сырткары Жогорку Кеңештин депутаттары “Манас-Ордо” улуттук тарыхый комплексинде болушту.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан