Бүгүн, 12-февралда Кувейт жана Бахрейн өлкөлөрүндөгү Азия футбол конфедерациясынын Кубогуна даярдануу мелдеши соңуна чыкты. Бул спорттук иш-чарага Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы да катышып, 3 оюн өткөрдү. Айта кетсек, биринчи оюнда кыргыз футболчулары Бахрейндин “Аль-Раффа” командасы менен беттешип, 2:4 эсебинде жеңилген. Экинчи оюнду кувейттик "Аль-Кадси" командасы менен беттешип, 1:1 эсеби менен тең чыккан. Ал эми үчүнчү оюнда Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Кувейттин курама командасы менен беттешип, 1:2 эсебинде жеңилген.