Сууда сүзүү боюнча кыргыз өлкөсүнүн курамасынын спортчулары Германиядагы “International Swim Meeting 2015” эл аралык мелдешине катышты. Берлин шаарында өткөн мелдешке жалпысынан 28 өлкөдөн 2000ге чукул спортчу катышты.
Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашкандай, анда кыргыз спортчусу Никита Пауков чалка чабагында 3 аралыкта (200 метр, 100 метр, 50 метр) 1-орунду, 200 метрге комплекстүү сүзүүдө 3-орунду, 200 метрге эркин сүзүүдө 3-орунду багындырды. Ошондой эле Рамазан Тайматов 200 метрге брасс стилинде сүзүүдө 4-орунду ээледи.