Борбор калаада пара алып жаткан жеринен Октябрь райондук сотунун кызматкери кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 2-мартта Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Октябрь райондук сотунун кызматкери шаардын тургунунан жол кыймыл эрежесин бузгандыгы үчүн айдоочулук укуктан ажыратуу жөнүндөгү административдик иш боюнча соттук эмес чечим чыгаруу үчүн 15 миң сом талап кылган. Аталган суммадагы акча каражатты алып жаткан жеринен Октябрь райондук сотунун консультанты кармалды. Ага карата КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 313-беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, ал убактылуу кармоочу жайга камакка алынды. Учурда бул факт боюнча кылмыш иши боюнча иликтөө жүрүүдө.