Ошто айыпталуучуну сот залынан качырып жиберген 2 кызматкерге кылмыш иши козголду

Ош облустук ички иштер башкармалыгы айыпталуучуну сот залынан качырып жиберген Ош ИИБинин коштоп жүрүү взводунун 2 кызматкерине кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу бүгүн, 2-мартта SUPER.KG порталына Ички иштер министрлигинин Оштогу башкармалыгынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков билдирди. 

"2 кызматкерге "шалаакылык" беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Учурда алар убактылуу кармоочу жайда. Ал эми алардын ишин жергиликтүү прокуратура кароодо",- деди З.Сыдыков. 

Айта кетсек, 25-февраль күнү 15 жылга эркинен ажыратылган К.Манап аттуу жаран сот залынан качып кеткен. Жүргүзүлгөн издөө иштеринин натыйжасында ал кечээ, 1-март күнү борбор калаадан кармалган. 

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Bektur2
2015-03-02 17:36:37
качыргандарды качкан менен кошо камап койсо мышык чычкан ойной беришсин камерада.
0
Aidar.001
2015-03-02 18:20:51
оздору да качып кетсе сенсация болмок экен
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан