Ноокатта пара алып жаткан жеринен райондук соттун төрагасы жана анын жардамчысы кармалды

Ноокат районунда пара алып жаткан жеринен райондук соттун төрагасы жана анын жардамчысы менен катчысы кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 2-мартта Ички иштер министрлигинен билдиришти. 

Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен Ноокат шаарынын тургуну кайрылган. Арыз ээси Ноокат райондук сотунун төрагасы жер тилкесине байланышкан маселесин чечип берүү үчүн 120 миң сом талап кылгандыгын айткан. Иликтөө иштеринин алкагында 33 миң сом жана 100 доллар акча каражатын алып жаткан жеринен Ноокат райондук сотунун төрагасы, жардамчысы жана катчысы кармалды. Учурда бул факт боюнча иликтөө иштери жүрүүдө. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
RNA78
2015-03-02 18:37:09
Бул маалымат 19.02.2015ж. чыкты эле го, ИИМге эми жеттиби?
+7
aikow92
2015-03-03 10:27:24
RNA78, ИИМ кеч берген экен. Кылмыштарды элге жарыялашканда милиционерлер следствие, причастность, следственная тайна дегендерге ссылаться этип маалыматты кечиктирсе керек.
-2
Bakulya79
2015-03-02 18:39:22
калп эле карматып,кармаган кишиден эки эсе сыгып,жеп биздин бийлик жыргадыго.........
+2
Xanif.Kg
2015-03-02 18:47:54
Кайдагы райондордогу кичинекей торагаларды эмес, ЖС, ОблС гу доолорду кармасанар ай байболгурлагырлар...
+1
Bektur2
2015-03-02 18:51:20
Кармаган сон баарын кармагыла болушпой койгондорун кармабай сотто акыйкат болуш керек пара бербей бара бергенин кунолобой
0
football1
2015-03-02 20:05:33
Башка районго которуп коюшат, иштей берет
0
Bekzamann
2015-03-03 00:06:37
Мен ушуларга тушунбойм оздору берип кармашат баарын оздору уюштурушат анан кармаган адам болушат.. Керек болсо кармагандар оздору коррупционерлердин анабашы..! Кыргызстаным ай онолбой калдыкго..
0
paren.
2015-03-03 00:43:42
Булар онолбойт
0
kerakg
2015-03-03 08:22:53
паракорлорду кармабайт дейбиз, алы жеткенин кармаса аны да туура эмес дейбиз, кимиси болсун кармаса жакшы, баары этектен башталат, кичинекей паракор байкуш эмес, ал да паракор. суткор.
0
kuba.kq8705
2015-03-03 10:50:54
ozbekter uiuwturup karmatywty naglyi ele
+1
Fili-07
2015-03-03 15:01:38
kuba.kq8705, Ажап эле болуптур.Озбектерден бир акча жеп жыргайлы дешкенда.Алар жон эле жедирип коюшпайт.Паспорт столдо иштегендерди да карматышса экен.
0
erikkarakulja
2015-03-03 14:41:34
Озбектерге жер тилкесин берилбеши кекек.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан