Кант шаарынын тургуну Ф-1 үлгүсүндөгү согуш гранатасын тапшырды. Бул тууралуу бүгүн, 3-мартта Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 25 жаштагы А.М. аттуу тургун милиция кызматкерлерине кайрылган. Анда ал өз эрки менен Ф-1 үлгүсүндөгү согуш гранатасын тапшырган. Тургун гранатаны таап алганын айткан. Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалды.