Ак-Талаа районунда мектеп менен даараткананы бөлүп турган дубал урап калды. Бул тууралуу бүгүн, 3-мартта ӨКМдан билдиришти.
Алдын ала алынган маалыматтар боюнча, 28-февраль күнү Кызыл-Белес айылындагы Атамбеков атындагы орто мектептин дааратканасынын полу түшүп кеткен. Мындан улам даараткана менен мектепти бөлүп турган дубал урап калган.
Айта кетсек, мектеп 2014-жылдын ноябрь айында курулуп бүтүп, ишке берилген. Анда 235 окуучу билим алат.