Дүйнөнүн 7 жолку чемпиону Орзубек Назаров Азиянын Бокс конфедерациясынын вице-президенти болуп шайланды

Белгилүү бокс ишмери, профессионалдар арасында Дүйнөнүн 7 жолку чемпиону Орзубек Назаров Азиянын Бокс конфедерациясынын вице-президенти болуп дайындалды. Бул тууралуу аталган спорт түрү боюнча федерациядан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, мындай чечим аталган конфедерациянын 1-мартта орун алган жыйынында кабыл алынды. Жыйынга Түштүк Корея, БАЭ, Катар, Филиппин, Лаос, Тажикстан жана Кыргызстандын өкүлдөрү катышты. Алдын ала бул кызматка көрсөтүлгөн О.Назаровдун талапкерлигин Аткаруу комитети бир добуштан колдоп берди.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
kadamjai90
2015-03-03 12:08:00
Жакшы ишинизге ийгилик
0
kama_future_millioner
2015-03-03 12:21:44
Куттуктайм ишиңизге ийгилик
0
Bektur2
2015-03-03 13:22:25
Ишинизге ийгилик кыргыздын жигитерин дуйного чыгарууга сиз биринчи тепкичсиз
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан