Ак-Жол айылында эшек сойгон "Кайтал" ачык акционердик коомунун жетекчилигине кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 3-мартта Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кылмыш иши "мыйзамсыз ишмердүүлүк жүргүзүү" беренеси боюнча козголду. Учурда эшектин эттерине соттук-химиялык экспертиза дайындалып, иликтөө иштери жүрүүдө.
Айта кетсек, буга чейин эшек сойгон ишкананын өкүлдөрү 605 эшек союлгандыгын билдиришкен. Алар эшектин эттерин, ичеги-карындарын жана терисин чет өлкөгө экспорттоого даярдаганын айтып чыгышкан. Бул тууралуу маалымат коомчулукка тараган соң карапайым калк эт алуудан коркуп, көбү эт жегенден баш тартканы баарыбызга белгилүү. Ошондой эле тамактануучу жайлардан тамактангандардын саны кескин азайып, кафе ээлери зыянга учурап жаткандыгын айтышууда.