Тогуз коргоол спорту боюнча өлкө чемпиондору аныкталды

3-мартта тогуз коргоол боюнча өлкө биринчилиги жыйынтыкталды. Жеңүүчүнү аныктоо швейцариялык систем боюнча 9 турга созулуп, жыйынтыгында кыз-келиндер жана уландар арасында жеңүүчүлөр аныкталды.

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашкандай, мелдеште 1-орунду ээлеген спортчуларга (кызга жана уланга) Дүйнө чемпиондугуна жолдомо берилди. Жыйынтыгында кыз-келиндер арасында баш байгени Аида Керимбекова утса, уландар арасында Анарбек Жамакеев алдыга суурулуп чыкты. Жеңүүчүлөрдүн тизмеси:

Кыздар:

1-орун. Аида Керимбекова (8,5 упай);

2-орун. Чолпон Кединбаева (8 упай);

3-орун. Деңизбек кызы Адилет (6,5 упай).

Уландар:

1-орун. Анарбек Жамакеев (7,5 упай);

2-орун. Муратали Исмоилов (7 упай);

3-орун. Бийгазы Амиракулов (7 упай).  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан