Бүгүн, 3-мартта Кытайдагы Хэнань провинциясынын Линьчжоу уездинде автобус кулап, анын кесепетинен 20 адам каза болду. Кырсыктан жаракат алган 13 адам ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактарына шилтеме берүү менен ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, автобусту жергиликтүү опера тобу ижарага алган. Каргашалуу окуяны полиция кызматкерлери иликтешүүдө.
Кытайдын Транспорт министрлигинин маалыматына ылайык, 2003-жылы өлкөдөгү жол кырсыктарынан 104 миңден ашуун адам мерт болгон. Ал эми 2012-жылы 60 миң кишинин каза болгону айтылат.