13-февралда саат 10:00дө Бишкектеги Мамлекеттик дене тарбия жана спорт агенттигинде КРнын улуттук курама командаларынын бардык спортчуларына кышкы кийимдерди тапшыруу аземи болот. Бул тууралуу бүгүн, 12-февралда аталган агенттиктин басма сөз кызматы билдирди. Маалым болгондой, бул иш-чара Кыргызстандын улуттук курама командаларынын спорттук деңгээлин көтөрүү максатында спортчуларга окшош спорттук кийимдер бериле турганын билдирет агенттик. Тактап айтканда, спортчуларга баш кийим, моюн орогуч, жилет жана күрмө берилет.