Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашкандай, Венгрияда өтө турган мелдеш 7-8-мартка туураланган. Башкы машыктыруучу Канатбек Бегалиевдин жетекчилиги алдында өлкө намысын талаша турган улуттук курамга 9 балбан кирди. Балбандардын катарында 2014-жылы Азия чемпиондугун уткан Жанарбек Кенжеев жана “Лондон-2012” Олимпиадасынын катышуучусу Данияр Көбөновдун бар экени маалым болду.