4-март күнү саат 02:26 чамасында кыргыз-өзбек чек арасына жакын жерде күчү 2,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, жер титирөөнүн очогу Майлуу-Суу шаарынан түштүктү карай 25 чакырым, Жалал-Абад шаарынан түндүк-батышты карай 48 чакырым, Ош шаарынан түндүк-батышты карай 64 чакырым аралык алыстыкта жайгашкан.
Алдын ала маалымат боюнча, зилзаладан жабыркагандар жана кыйроолор болгон жок.