Бүгүн, 4-мартта Бишкекте кичи футбол боюнча кыз-келиндер арасындагы өлкөнүн Ачык биринчилиги жыйынтыкталат. КРнын Футбол федерациясынан кабарлашкандай, бул күнү жарым финалдык оюндар, финал жана кийинки орундар үчүн беттештер болот.
Мелдеш 1-3-март аралыгында жергиликтүү жана казакстандык командалардын катышуусунда өттү. Анда 10 команда беш-бештен эки тайпага бөлүнүшкөн. Топтогон упайлардын негизинде эки тайпадан алдынкы 2 команда жарым финалга чыкты.
Жарым финал:
“Абдыш-Ата” – “Алматы”
РСДЮШОР – РСДЮШОР ФЦ