Волейбол боюнча өлкө чемпиону “Ош бажы” командасы Улуттук Лиганын 2-турун утуп алды. КРнын Волейбол федерациясынан маалымдашкандай, 2-тур оюндары Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда болуп өттү.
Маалыматка ылайык, “Ош бажы” 2-тур оюндарынын алкагында 5 беттеш өткөрүп, баарында жеңишке жетишти. Жеңилүү ызасын тарткан командалар “Жаш күч” (3:2 эсебинде утулду), “Улуттук гвардия” (3:0), “Жети-Суу” (3:0), “Салам-Алик” (3:2) жана “Жаңы муун” (3:0) болду. Натыйжада жеңиш ээси 10 упай топтой алды. Алдынкы үчтүккө “Жаңы муун” жана “Салам-Алик” командалары кирди.
Кошумчалай кетсек, Улуттук Лигада жыл ичинде ойнолгон 3 турдун жыйынтыгында жеңүүчү аныкталат. Болуп өткөн 2 турдун жыйынтыгында “Ош бажынын” карамагында 19 упай болсо, 2-орунду ээлеп келген “Жаңы муун” командасы 18 упай топтогон. Ал эми 3-орунду ээлеп келаткан “Салам-Аликтин” карамагында 16 упай бар.
Улуттук Лиганын 3-тур оюндары 30-марттан 5-апрелге чейинки аралыкта өтөт.