1-мартта Орусиянын Москва шаарында каратэ-до боюнча шаардын кубогуна арналган эл аралык мелдеш аяктады. Мелдешке катышкан 200дөн ашык спортчунун катарында кыргыз спортчулары да болушту.
Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашкандай, анда түрдүү жаш курактарында Сатимбаев Диниэль, Усекеева Асел, Токтоназаров Таалай алдынкы орундарды ээлешсе, Курбанов Талгат, Жолдошбаев Нусуп күмүш байге утушту. Ал эми коло медалдарды өлкөнүн эсебине Приева Айгерим, Жаныбеков Даир, Тусуров Эмир, Абдилабеков Нуржигит алып келди. Бул ийгилик менен кыргыз спортчулары жалпы командалык эсепте 3-орунду багындырышты.