Кыргыз спортчулары жаа атуу спорту боюнча 6-11-апрель аралыгында Казакстандын Шымкент шаарында өтө турган эл аралык мелдешке катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, анда өлкө намысын Маматбек уулу Нурсултан, Дооронбеков Бектур, Нурманбетов Кылычбек, Титов Андрей, Шарбекова Асел жана Ермолина Анастасия сыяктуу спортчулар талашат. Алардын мелдешке катышып келүүсү үчүн Олимпиадага даярдоо борборунун эсебинен 149 миң сом бөлүндү.