Бүгүн, 4-мартта кичи футбол боюнча кыз-келиндер арасында өлкө чемпиондугу жыйынтыкталды. Финалдык беттеште казакстандык “Алматы” клубу менен КРнын Федерациясынын Футбол борборунун командасынын өкүлдөрү беттешти. Аталган спорт түрү боюнча федерациядан кабарлашкандай, финалдык беттеш жергиликтүү спортчулардын пайдасына 6:3 эсебинде аяктады.
Ал эми 3-орун үчүн болгон оюнда Канттын “Абдыш-Ата” клубу менен Олимпиадалык резервдин жаштар жана өспүрүмдөр мектебинин командасы кез келип, канттыктар жеңишке жетишти (2:0).
Мелдеште “Алматынын” чабуулчусу Екатерина Колчина эң көп гол киргизип, башкы бомбардир аталды. Ал эми “Мыкты футболчу айым” наамы чемпиондордун курамында ойногон Гүлбара Үмөтбаевага ыйгарылды.