КРнын Футбол федерациясынын президенти Семетей Султанов жана вице-президент Асылбек Кадралиев Азиянын футбол конфедерациясынын (АФК) президенти, шейх Салман бин Ибрагим аль-Халифа менен жолугушту. Бахрейндин Манама шаарында өткөн жолугушууда кыргыз тарап менен аталган конфедерациянын ортосундагы кызматташтык талкууланды. Бул тууралуу аталган спорт түрү боюнча федерациядан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Семетей Султанов АФКнын президентине колдоо көрсөтүп келгени үчүн ыраазычылык билдирип, алдыдагы пландары менен бөлүштү. Ошондой эле кийинки мөөнөткө шайланган шейх Салман бин Ибрагим аль-Халифаны куттуктады.