Эртең Жалал-Абадда айымдар арасында волейбол боюнча мелдеш башталат

Жалал-Абад шаарында Аялдардын эл аралык күнүнө карата 6-7-март күндөрү билим берүү мекемелери жана башка ишканалар арасында волейбол боюнча кыз-келиндер мелдеши өткөрүлөт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чаранын максаты - аялдардын ден соолугун чыңдоо, аялдар арасында волейбол оюнун өркүндөтүү, сергек жашоого үндөө.

"Айымдарды спорт менен ден соолугун чыңдоого жана бири-бирин сыйлоого чакыруу, жаштар арасында жаман адаттардын, кылмыштуулук, укук бузуулардын алдын алуу максатында уюштурулууда",- дейт Жалал-Абад шаардык дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн башчысы А.БакировЖеңүүчүлөр аталган бөлүм тарабынан дипломдор жана баалуу майрамдык сыйлыктар менен сыйланышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан