16-18-март аралыгында Бишкекте алыш күрөшүнүн негиздөөчүсү
Баяман Эркинбаевдин жаркын элесине арналган "Гран-При" мелдеши өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 5-мартта маалымат жыйынынын жүрүшүндө Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору
Кадырбек Эргешов билдирди.
Анын айтымында, мелдешке "Гран-При" деген статусту Эл аралык күрөш федерациясы (ФИЛА) берүү алдында турат. "Бул статусту алгандан мурун Эл аралык күрөш федерациясы атайын текшерүүгө келет. Гран-При мелдештери Дүйнө чемпиондугу жана Континенттер чемпиондугунан кийинки эле орунда турат. Ошол себептүү мелдешти жогорку деңгээлде өткөрүүнү пландап жатабыз. Бул үчүн Дене тарбия жана спорт агенттигинен 1,5 миллион сом бөлүндү. Ошондой эле Алыш күрөшү боюнча федерация да 1 миллион сом өлчөмүндө каражат сарптайт",- деди К.Эргешов.