Көк бөрү боюнча Талас районунун алгачкы өтмө кубогуна Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн көк бөрүчүлөрү ээ болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин мурдагы жетекчиси Байгазы Кенжебаев билдирди.
Маалыматка ылайык, жеңүүчүлөргө сыйлык тапшыруу аземи 4-мартта Таластын "Манас Ордо" комплексиндеги ат майданда өттү. Италиядан алынып келинген баасы 50 миң сомдук кубок жеңүүчүлөргө тийди. "Жерге-Тал" командасынын оюнчулары буга чейин болгон 12 оюнда алты жолу жеңишке жетип, 91 упай менен алдыга чыгышкан. Көк бөрү боюнча Талас районунун өтмө кубогу 2014-жылдын декабрь айында башталып, 13 команда ар жуманын шаршемби күндөрү ойноп келишкен. Ар бир оюнда командалар ээлеген орундарына жараша упай топтошкон. Жума сайын болгон оюндарды катышуучу командалардын айыл өкмөттөрү кезеги менен өткөрүп, ар бир турнирдин байге фонду 120 миң сомду түзгөн. Жыйынтыктоочу кармашта 1-орунду "Калба", 2-орунду "Нуржанов", 3-орунду "Кара-Суу" командалары ээлешти. Демөөрчү Байгазы Кенжебаев тарабынан берилген 100 миң сом жана турнирди өткөрүүгө жооптуу Нуржанов айыл өкмөтү тарабынан 120 миң сом акчалай сыйлыктар командаларга ээлеген орундарына жараша бөлүнүп берилди.