Кыргыз мушкери Азат Усеналиев Дүйнөлүк бокс серияларындагы кезектеги беттешинде мексикалык мушкерге каршы турат

“Украиналык атамандар” клубунун мүчөсү, кыргыз мушкери Азат Усеналиев Бүткүл дүйнөлүк бокс серияларындагы кезектеги беттешин 7-мартта өткөрөт. Бул күнү мелдештин 8-турунда аталган клуб Мексиканын “Мексикалык баатырлар” клубуна каршы турат.

Украиналык клубдун расмий сайты кабарлагандай, анда жалпысынан 5 беттеш орун алат. Азат Усеналиев 52 килограмм салмакта украиналык клубдун намысын талашат. Орун ала турган беттештердин тизмеси:

52 килограмм салмакта:

Орландо Хутциль (“Мексикалык баатырлар”) - Азат Усеналиев (“Украиналык атамандар”)

60 килограмм салмакта:

Линдольфо Дельгадо (“Мексикалык баатырлар”) - Олег Прудкий (“Украиналык атамандар”)

69 килограмм салмакта:

Хектор Рейес (“Мексикалык баатырлар”) – Сергей Богачук (“Украиналык атамандар”)

81 килограмм салмакта:

Карлос Мина (“Мексикалык баатырлар”) - Денис Солоненко (“Украиналык атамандар”)

91 килограммдан жогорку салмакта:

Эдгар Рамирез (“Мексикалык баатырлар”) - Тарас Неудачин (“Украиналык атамандар”)   

Кошумчалай кетсек, бул клубдардын ортосундагы алгачкы беттеш 4:1 эсебинде украиналыктардын жеңиши менен аяктаган. Бул А.Усеналиевдин үчүнчү беттеши болот. Буга чейин ал британиялык Эндрю Селбини утуп, орусиялык Виталий Веткинге утулуп калган. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Bektur2
2015-03-06 11:14:48
ийгилик сага кыргыз мушкери эмкисин кыргыздын талабын талашуп туусун желбирет
+2
boyka.kg
2015-03-06 11:27:42
Ийгилик
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан