Мадриддик “Реал” клубунун жана Португалия курамасынын чабуулчусу Криштиану Роналду экинчи жыл катары менен жылдын мыкты футболчусу болуп табылды. Чет элдик маалымат булактары кабарлагандай, 2014-жылдын мыкты футболчусу болуп табылган Криштианунун карамагындагы каражат 210 миллион еврону көрсөтүп турат.
Футболчунун кирешеси киргизген голдору үчүн алган кошумча акчалай сыйлыктардын эсебинен, “Алтын топ” сыйлыгын алганынан, УЕФАнын Чемпиондор Лигасын жана клубдар аралык Дүйнө чемпиондугунун утканынан улам артып отурган. Андан тышкары Криштиану Роналду бир катар ири ишканалар менен түзүлгөн келишиминин негизинде ири суммага ээ болуп келет.
Ири басылмалардын бири түзүп чыккан бул тизмеде 2-орунда “Барселона” клубунун аргентиналык футболчусу Лионель Месси жайгашса, 3-орунду бразилиялык футболчу Неймар ээлеген. Алдынкы бештикте ПСЖнын футболчусу Златан Ибрагимович менен англиялык “Манчестер Юнайтеддин” чабуулчусу Уэйн Рунинин ысымы бар.
Кошумчалай кетсек, бул тизмени 2013-жылы англиялык Дэвид Бекхэм жетектеген.