“Украиналык атамандар” клубунун мүчөсү, кыргыз мушкери Азат Усеналиев Бүткүл дүйнөлүк бокс серияларындагы кезектеги беттешинде утулуп калды. 7-мартта мелдештин 8-турунда аталган клуб Мексиканын “Мексикалык баатырлар” клубу менен кез келди. Анда командалык эсепте украиналыктар 5:0 эсебинде утулуп калышты. 52 килограмм салмактагы клубдун мүчөсү, кыргыз мушкери Азат Усеналиев да 3 калыстын чечими боюнча 3:0 эсебинде утулду. Бул тууралуу украиналык клубдун расмий сайты кабарлайт.
Кошумчалай кетсек, бул А.Усеналиевдин үчүнчү беттеши. Буга чейин ал британиялык Эндрю Селбини утуп, орусиялык Виталий Веткинге утулуп калган.