Бүгүн, 9-мартта Бишкекте Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда дзюдо боюнча эл аралык мелдеш старт алды. “Дордой Кубогу-2015” деген аталыштагы мелдешке Казакстан, Өзбекстан, Тажикстандын спортчулары жана кыргыз спортчулары катышууда. SUPER.KG порталына мелдештин башкы калысы Айзада Кадыралиева кабарлагандай, катышуучулардын саны 300гө чукулдайт.
Анда кыз-келиндер арасында жалпысынан 7 салмакта (48 килограмм, 52 кг, 57 кг, 63 кг, 70 кг, 78 кг, 78 килограммдан жогорку салмакта), уландар арасында да 7 салмакта (60 кг, 66 кг, 73 кг, 81 кг, 90 кг, 100 кг, 100 килограммдан жогору) жеңүүчүлөр аныкталат. “Биринчилик 11-мартта жыйынтыкталат. Мелдештин биринчи жана экинчи күнүндө салмак категориялары боюнча жеңүүчүлөр аныкталат. Ал эми акыркы күнүндө командалык эсепте жеңүүчүлөрдү аныктайбыз”,- дейт А.Кадыралиева.