Кыргыз спортчулары Алексей Федосеев менен Мирлан Ибраимов кечээ, 8-мартта Кытайда кикбокстун К-1 түрү боюнча беттеш өткөрүштү. Профессионалдар арасындагы рейтингдик беттеште Алексей Федосеев (65 килограмм салмакта) 3 раунддун жыйынтыгында упай айырмачылыгында жеңишке жетишти. Бул тууралуу SUPER.KG порталына машыктыруучу Жанбулат Амантаев кабарлады.
Анын айтымында, ушул эле күнү 70 килограмм салмакта рингге чыккан Мирлан Ибраимов упай айырмачылыгында утулуп калды.