Бүгүн, 10-мартта УЕФАнын Чемпиондор Лигасында мадриддик “Реал” германиялык “Шалькени” кабыл алат. Ошондой эле бул күнү Португалиянын “Порту” командасы швейцариялык “Базель” менен кез келет. Бул мелдештин плей-офф баскычындагы жооптук оюндар. Эсиңиздерде болсо, бул командалардын ортосундагы алгачкы оюндар февраль айында өткөн. Анда “Реал” атаандашын 2:0 эсебинде утса, “Порту” менен “Базель” 1:1 эсебинде тең ойногон.
“Реал” (Мадрид, Испания) – “Шальке” (Германия)
Мадрид шаары. “Сантьяго Бернабеу” стадиону
Калыс: Дамир Скомина (Словения)
Башталышы: 01:45 (Бишкек сааты боюнча)
“Порту” (Португалия) – “Базель” (Швейцария)
Порту шаары. “Драгау” стадиону
Калыс: Юнас Эрикссон (Швеция)
Башталышы: 01:45 (Бишкек сааты боюнча)