Ош шаардык мэриясында 60 миллион сомдон ашуун каржылык мыйзам бузуулар катталганы аныкталды

Ош шаарынын 2013-жылдагы бюджетин түзүүдө жана аткарууда 60 миллион сомдон ашуун каржылык мыйзам бузуулар катталган. Бул тууралуу бүгүн, 10-мартта Эсептөө палатасынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, эң көп каржылык мыйзам буузулар Ош шаардык мэриясынын жана Ош шаардык кеңешинин аппаратында катталган. Аудитордук текшерүүдө акча каражатын негизсиз чегерип алуу жана максатсыз пайдалануу фактылары аныкталган. Ошондой эле эмгек акылар, иш сапарларга барууда берилүүчү акча каражаттары да негизсиз которулган. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Xabibbullo
2015-03-10 13:29:02
Бири биринерден кем калбай кулкунун толтургандар не только Ош шаарында эмес копчулук креслодо отургандардын баары эле кулкунун толтуруп жатышат. Каракол шаарын мери барбы жокпу дайынсыз бар жогу билинбейт шаар ичинде эч нерсе кыймылдабай эле мен беш алты жылдан бери Россияда иштейм ар бир жыл сайын отпускага барам эч озгоруу жок баягы эле Каракол кыбырап элдер оздору эле мамлекеттен кат кабар жок.
+1
myshka406
2015-03-10 14:07:37
Баштагы мэря кызматкерлери жеп эле жаткан экенда бечаралар.
0
SULUU-KYZ
2015-03-10 14:47:00
Эми ошол аш болуп жатабы?бир кун тешип чыгат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан