Грек-рим күрөшү боюнча кыргыз өлкөсүнүн курама командасы Венгрияда өткөн "Гран-При" мелдешинде байгелүү орунга илинген жок. 7-8-мартта өткөн мелдеште 9 балбан өлкөнүн намысын талашкан. Бул тууралуу Эл аралык күрөш федерациясы кабарлады.
Маалыматка ылайык, анда түрдүү салмак категорияларынан венгриялыктар 4 алтын медаль камсыздашса, Япония, Хорватия, Сербия жана Америка бирден алтын медаль багындырды. Ал эми кыргыз балбандары бул мелдеште байгелүү орунга илинбей калышты.