Чемпиондор Лигасы: “Шальке” мадриддик “Реалдын” дарбазасына 4 гол киргизип, конокто жеңишке жетишти

11-мартка караган түнү УЕФАнын Чемпиондор Лигасынын плей-офф баскычында мадриддик “Реал” клубу өз үйүндө Германиянын “Шальке” клубун кабыл алды. Мадриддиктер алгачкы оюнда 2:0 эсебинде жеңишке жетишкенин эске алып, серепчилер да бул оюндун кызык болорунан күмөн санашкан. Бирок “Шальке” жооптук оюнда мыкты оюн көргөзүп, “Реалды” мелдештен четтетип коё жаздады. Бул үчүн аларга 1 гана гол жетишей калды.  

“Реал” (Испания) – “Шальке” (Германия) - 3:4

Голдор: Фухс (20-мүнөттө), Криштиану Роналду (25-мүнөт), Хунтелар (40-мүнөт), Криштиану Роналду (45-мүнөт), Бензема (53-мүнөт), Сане (57-мүнөт), Хунтелар (84-мүнөт).

Кошумчалай кетсек, бул оюн акыркы кезде иши жүрүшпөй жаткан “Реалдын” кезектеги жеңилүүсү болду. Команда өткөн аптада Испаниянын биринчилигинде “Атлетик” командасына утулуп, мелдештеги лидерликти “Барселонага” тарттырып жиберген. 
"Реал" - "Шальке" - 3:4
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
rios.07
2015-03-11 08:59:28
Iker Kassilas оз дарбазасын мыкты коргочу элего!
+1
as.fanat
2015-03-11 09:25:07
...уххх ииийооолки, коркуп кете жаздадым го...Реал калып кеттиви деп)
+2
myshka406
2015-03-11 11:21:48
as.fanat, Анхель-Ди-Мария жок Реал кыйналып жататда.
+1
make2
2015-03-11 11:35:47
as.fanat. эмнеге б ордуна в кеттиви деп жазасыңар, сен элемес дагы көптөр Бны В деп жазат бул кайсы тилде, кайдан келгенсиңер?
+1
as.fanat
2015-03-12 09:32:10
make2, Кокондон болоВуз)))
0
Golkiper
2015-03-11 20:20:39
Серхио рамос жок коргонуусу начар болуп жатат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан