Чемпиондор Лигасы: Португалиянын “Порту” командасы өз үйүндө “Базелди” утуп, чейрек финалга чыкты

10-марттан 11-мартка караган түнү УЕФАнын Чемпиондор Лигасынын плей-офф баскычында Португалиянын “Порту” командасы швейцариялык “Базелди” кабыл алды. Алгачкы оюн 1:1 эсебинде аяктаса, жооптук оюнда 4:0 эсебинде үй ээлери жеңишке жетишти. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты кабарлайт.

Маалыматка ылайык, оюндун алгачкы мүнөттөрүнөн тарта португалиялыктар демилгени колго алып, атаандаштардын дарбазасына бир топ мүмкүнчүлүк түзүштү. Алгачкы тайм 1:0 эсебинде гана жыйынтыкталса, экинчи таймда “Портунун” оюнчуларын токтотуу мүмкүн болгон жок.

“Порту” (Португалия) – “Базель” (Швейцария) - 4:0

Голдор: Браими (14-мүнөттө), Эррера (47-мүнөттө), Каземиро (56-мүнөттө), Абубакар (76-мүнөттө).  

Чемпиондор Лигасы: "Порту" - "Базель" - 4:0
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Bilal.
2015-03-11 09:46:20
урматтуу супер инфо чемпиондор лигасын кайсыл каналдан корсок болот
0
admin_portal
2015-03-11 10:07:34
Bilal., саламатсызбы!
Жергиликтүү каналдардан көрүү мүмкүн эмес.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан