Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин мурунку жетекчиси Чыңгысбек Узакбаевдин апелляциялык даттануусун шаардык сот канааттандырган жок. Биринчи инстанциядагы соттун чечими күчүндө калды. Бул тууралуу бүгүн, 11-мартта Бишкек шаардык сотунан билдиришти.
Маалыматка караганда, Бишкектин Биринчи Май райондук соту 4-ноябрдагы чечими менен экс-министрди 5 миллион сом айып пул төлөөгө милдеттендирген. Бирок бул чечимге макул болбогон Узакбаев Бишкек шаардык сотуна кайрылган.
Эскерте кетсек, Узакбаевге кылмыш иши 2014-жылдын март айында ачылган. Ал министр болуп турганда өзүнүн бир тууганы С.Узакбаев жетектеген “Бапа” дыйкан чарбасына мыйзамсыз түрдө 419 миң доллар насыя берүү үчүн кол алдындагыларга буйрук бергени айтылган. Аталган дыйкан чарба насыя алуучуларга тийиштүү болгон талаптарга жооп берген эмес.