Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы: "Кыргыз чоролору" бирикмесинин мүчөсү кармалган эмес, суракка чакырылган"

"Кыргыз чоролору" бирикмесинин мүчөсү Замир Көчөрбаев кармалган эмес, болгону суракка чакырылган. Бул тууралуу бүгүн, 11-мартта Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Замир Көчөрбаев кечээ күндүз суракка чакырылган. Бирок ал жумуштары менен убагында келе албай калып, саат 21:00 чамасында тергөөчүгө келип көрсөтмө берген.

Буга чейин "Кыргыз чоролору" бирикмесинин мүчөлөрү Замир Көчөрбаевдин убактылуу кармоочу жайга киргизилгенин билдиришкен.

Айта кетсек, "Кыргыз чоролору" бирикмесинин мүчөлөр сойкукана деп бир катар караоке-клубдарды текшерүүгө алышкан эле.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан