Ак-Талаа районундагы мектептин урап калышы боюнча кылмыш иши козголду

Ак-Талаа районундагы мектептин урап калышы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 11-мартта Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2012-жылдын 30-июлунда аталган райондун Кызыл-Белес айылында 225 орундуу мектептин курулушу башталган. 2014-жылдын 9-октябрында курулуш иштери бүтүп, 24-октябрда атайын түзүлгөн комиссия текшерүүгө алган. Анда комиссия мүчөлөрү тарабынан объектини эксплуатацияга берүү боюнча акт түзүлгөн. Бирок сапатсыз курулуш иштеринин негизинде мектептин дааратканасы менен ашкананын дубалы урап калган. Учурда Нарын облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын, Нарындагы экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекциянын кызмат адамдарына жана “А.” ишканасынын башчысына кылмыш иши козголду. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
plaza85
2015-03-11 12:40:56
Аларды элдин алдына алып чыгып жуздорун корсотуш керек башкаларга сабак болуш учуп.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан