Британиялык Чарльз Югстер 200 метр аралыкты 55,48 секундда чуркап өтүп, 95 жаштан жогорку курактагы спортчулар арасында жаңы рекорд жаратты. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары кабарлады.
Маалыматка ылайык, ал өзү койгон рекордду 2,4 секунд артыкчылыгы менен жаңылады. Бул жаатта рекорд ээси болуп америкалык Орвилл Роджерс саналып келген.
Кошумчалай кетсек, Ч.Югстер расмий эмес түрдө дүйнөдөгү эң дени сак пенсионер деп аталып келет. Ал пенсияга чыккандан тарта ден соолугуна кам көрүп келет. 87 жаш курагында ал атайын машыгуу залына бара баштаган.