Бүгүн УЕФАнын Чемпиондор Лигасында “Челси” өз үйүндө франциялык ПСЖ клубун кабыл алат

Бүгүн, 11-мартта УЕФАнын Чемпиондор Лигасынын плей-офф баскычында жооптук оюндар болот. Тактап айтканда, февраль айында өз ара беттешип, жеңүүчүнү аныктай албаган командалар 2 оюндун жыйынтыгында чейрек финал ээлерин аныкташат. Назарыңыздарда атаандаш командалар, беттеш сааттары жана машыктыруучулардын оюн алдындагы ой-пикирлери...

“Челси” (Англия) – ПСЖ (Франция) 

Лондон шаары. “Стэмфорд Бридж” стадиону  

Калыс: Бьорн Кейперс (Голландия)

Башталышы: 01:45 (Бишкек сааты боюнча)

Алгачкы оюнда 1:1 эсеби катталган.  

Жозе Моуринью, “Челсинин” башкы машыктыруучу:

- Бүгүн Парижде өткөн оюндан башкача окуя катталат деп ишенем. Конокто 1 гол киргизгенбиз, бул жолу жеңишти камсыздоо аракетин көрөбүз.

Лоран Блан, ПСЖнын башкы машыктыруучусу:

- Биз чабуул күчөтүп, гол киргизүүгө аракетти күчөтүүбүз керек. Өз үйүбүздө атаандашка гол киргизүү мүмкүнчүлүгүн бергенбиз, демек, бизде башка тандоо жок. Каршы чабуул уюштуруу - “Челсинин” негизги куралдарынын бири. Бул жагынан абайлашыбыз керек. Өткөн оюнда лондондуктарда бир гана мүмкүнчүлүк болгонуна карабай аны ишке ашыра алышты.

“Бавария” (Германия) – “Шахтёр” (Украина)

Мюнхен шаары. “Альянц Арена” стадиону  

Калыс: Уильям Коллам (Шотландия)

Башталышы: 01:45 (Бишкек сааты боюнча)

Алгачкы оюнда 0:0 эсеби катталган.  

Хосеп Гвардиола, “Бавариянын” башкы машыктыруучусу:

- Мен башта эле кийинки баскычка чыгарыбызды айткам, ушул күнгө чейин ошол пикиримди карманып турам. Өз үйүбүздө ойноп жаткан соң жеңишке жетишибиз керек. “Шахтёр” каршы чабуулда мыкты жана мүмкүнчүлүктөрдү голго айландырууда футболчулардын чеберчилиги жетиштүү...  

Мирча Луческу, “Шахтёрдун” башкы машыктыруучусу:

- “Бавария” - Европадагы мыкты командалардын бири. Машыктыруучу Гвардиола бул клубда мыкты жумуш аткарып келет. Биз экөөбүз көптөн бери таанышпыз жана биз машыктырган клубдар биринчи жолу кездешип жаткан жок. Андыктан бири-бирибизге сюрприз ойлоп табабыз деп айтуу кыйын. Ошентсе да футбол майданында эмне болуп кетерин айтуу кыйын. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан