12-мартка караган түнү УЕФАнын Чемпиондор Лигасынын плей-офф баскычында Германиянын “Бавария” клубу украиналык “Шахтёр” менен кез келди. Жооптук оюн болгон бул беттеште 7:0 эсеби катталып, чейрек финалдык жолдомону “Бавария” камсыздады.
“Бавария” (Германия) – “Шахтёр” (Украина) - 7:0
Голдор: Мюллер (4-мүнөттө), Боатенг (34-мүнөттө), Рибери (49-мүнөттө), Мюллер (52-мүнөттө), Бадштубер (63-мүнөттө), Левандовски (75-мүнөттө), Гётце (87-мүнөттө).