Чемпиондор Лигасында ПСЖ футболдук клубу конокто “Челси” менен тең эсепте ойноп, чейрек финалга чыкты

12-мартка караган түнү УЕФАнын Чемпиондор Лигасында Франциянын өткөн жылдагы чемпиону ПСЖ клубу конокто лондондук “Челси” менен беттешти. Плей-офф баскычында орун алган жооптук оюнда франциялыктар 2:2 эсебиндеги тең чыгууну камсыздап, чейрек финалдык жолдомону илип кетишти. Лондондуктар оюндун жүрүшүндө 31-мүнөттө Златан Ибрагимовичтин кызыл айып кагазын алып, майдандан четтетилгенине карабай жеңишке жетише алышкан жок.  

Кошумчалай кетсек, Францияда өткөн алгачкы оюнда 1:1 эсеби катталган. Конокто киргизген голдун артыкчылыгы менен кийинки баскыч ээси анык болду.

“Челси” (Англия) - ПСЖ (Франция) – 2:2

Голдор: Кэхилл (81-мүнөттө), Давид Луис (86-мүнөттө), Азар (96-мүнөттө, пенальти), Тиаго Силва (114-мүнөттө). 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан