Жыл сайын өлкөдөгү жогорку окуу жайлардын ортосунда өтүп келген Универсиада оюндарына быйыл 26-мартта старт берилет. Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлашкандай, мелдеш 1 айга чукул убакытка созулуп, 23-апрелде жыйынтыкталат.
Анда 36 жогорку окуу жайлардын студенттери спорттун 17 түрү боюнча күч сынашат. Командалык эсепте жана жекеликте байгеге илинген командалар жана спортчулар медаль, диплом жана баалуу белектер менен сыйланышат. Биринчиликтин ачылышы 26-мартта Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда өтөрү пландалган.