Бишкекте Ноорузга карата көк бөрү оюну боюнча мелдеш болот

Нооруз майрамына карата жыл сайын уюшулуучу көк бөрү оюну боюнча мелдеш Бишкекте 16-мартта старт алат. Азырынча катышуу тилегин билдирген командалардын саны 12ни түзүүдө.

Улуттук оюндарды өнүктүрүү борборунан кабарлашкандай, чүчү кулак 15-мартта ташталса, тайпалык баскычтагы оюндар 16-18-март аралыгында өтөт. Ал эми жарым финал 19-мартта өтсө, финалдык оюн жана 3-орун үчүн болгон оюн 21-мартка туураланган.  

Кошумчалай кетсек, өткөн жылы бул мелдештин финалында “Талас” жана “Кабылан” командалары кез келген. Анда 3:2 эсебинде таластыктар жеңишке жетишип, 400 000 сомго ээ болушкан. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан