Бишкекте эрежесиз эр уруш боюнча 26 мушкердин катышуусунда ири мелдеш орун алат

14-мартта Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда эрежесиз эр уруштун “Эр таймаш ММА” версиясы боюнча эл аралык мелдеш орун алат. Уюштуруучулар кабарлашкандай, анда кыргыз өлкөсү, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Орусия жана Грузиянын спортчуларынын катышуусунда 13 беттеш болот.

Кошумчалай кетсек, буга чейин күндүн негизги беттеши катары кыргыз спортчусу Бакыт Бекбоев менен грузиялык Нодар Кудукашвилинин ортосундагы беттеш саналып келген. Бирок грузиялык спортчу жаракатына байланыштуу келбей калганын белгилешет уюштуруучулар.

14-мартта орун ала турган беттештердин тизмеси:

66 килограмм салмакта

Тилек Батыров (кыргыз өлкөсү) - Сухроб Айдарбеков (Тажикстан)

70 килограмм салмакта

Руслан Эмилбек уулу (кыргыз өлкөсү) - Рустем Мукатов (Казакстан)

Мирлан Асеков (кыргыз өлкөсү) - Рауль Татараули (Грузия)

77 килограмм салмакта

Айдарбек Ашымов (кыргыз өлкөсү) - Муборокшо Муборокшоев (Тажикстан)

Эдил Сарыбаев (кыргыз өлкөсү) - Алексей Бадюков (Казакстан)

Алтынбек Мамашев (кыргыз өлкөсү) - Азиз Ибрагимов (Тажикстан)

Төлөгөн Рахманберди уулу (кыргыз өлкөсү) - Нурсултан Разибоев (Өзбекстан)

Жаныбек Аматов (кыргыз өлкөсү) - Георгий Кекелия (Орусия)

Актилек Жумабек уулу (кыргыз өлкөсү) - Данияр Бабакулов (кыргыз өлкөсү)

Рамазан Никарамазанов (кыргыз өлкөсү) - Александр Филимонов (Орусия)

84 килограмм салмакта

Мелис Жолдошев (кыргыз өлкөсү) - Ринат Фахретдинов (Орусия)

Бакыт Бекбоев (кыргыз өлкөсү) - Хусан Баратов (Өзбекстан)

93 килограмм салмакта

Нурбек Исмаилов (кыргыз өлкөсү) - Рустам Юсуфов (Өзбекстан) 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Bektur2
2015-03-13 12:24:21
Алга кыргыз спортчусу ийгилик
0
azat_sokrat
2015-03-13 12:50:39
Кылыч байке эмнеге катышпады экен?
-1
admin_portal
2015-03-13 12:53:25
kyrgyzbekov - түбөлүк БАН!
vabank - эскертүү!
Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек.
0
semakg
2015-03-13 15:55:04
28-февральда болот деп атышты эле болбой калдыбы? Мыктыбек Мамасалиев (Акаю) жокго? Ошентседа ийгилик спортсмендерге.
0
Danel
2015-03-13 18:36:01
Актилек менен Даниярдын мушташканы кызыктуу болот,анткени Актилек Кыргызстандын чемпиону а Данияр Москвада жаш куччо машыгып коптогон бойлордо биринчи орунду алып келген кыскасы экобуда жениле элек!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан