Бүгүн, 14-мартта Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда эрежесиз эр уруштун “Эр таймаш ММА” версиясы боюнча эл аралык мелдеш болот. Анда Кыргыз Республикасы, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Орусия жана Грузиянын спортчуларынын катышуусунда 13 беттеш болот. Мушкерлер беттеш алдында расмий салмак өлчөө аземине катышышты.
Уюштуруучулар кабарлашкандай, мушташа турган спортчулар унаалар менен келип, кызыл килемден басып өтүп, таразага түшүштү.