Бишкектеги эрежесиз эр уруш мелдешинде калыс жаңылган, спортчу эсин жоготкон учурлар байма-бай катталды

Бүгүн, 15-мартта Бишкекте Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда эрежесиз эр уруштун “Эр таймаш ММА” версиясы боюнча эл аралык мелдеш болду. Анда кыргыз өлкөсү, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Орусия жана Грузиянын спортчулары бирден рейтингдик беттеш өткөрүштү. Күйөрмандар тынымсыз кол чаап, жергиликтүү мушкерлер ийгиликтүү ыкма колдонгондо залда кыйкырык жаңырган бул мелдеште кыргыз спортчуларынан утканы да, утулганы да болду. Күндүн эң күтүүсүз жеңилүүлөрүнүн бири 70 килограмм салмакта Мирлан Асековдун утулганы болду. Көп убакыттан бери мындай ири мелдештерде көрүнбөй келген спортчу Грузиянын өкүлүнө жеңилип калды. Грузиялыктын узакка созулган чабуулунан кийин калыс жаңылыштык менен беттешти токтотуп, буга каршы тарап нааразы болду. Бирок калыс М.Асековдон беттешти улантар-улантпасын сураганда ал беттешти уланта албасын ымдап көрсөттү. 

Бардык беттештер чогулган элдин купулуна толду. Өзгөчө мекендешибиз Рамазан Никарамазановдун орусиялык атаандашын алгач муунтуу ыкмасы менен жыгып, калыс жаңылганда 2 сокку узатуу менен эсин оодарганы катуу колдоого алынды. Дарыгерлердин жардамы менен эсине келген атаандашы биринчи эле "нокаут болгон жок" деди. Жылмайган дарыгерлер аны жоошутуп, акырын тургузушту. 

Күндүн ыкмага, чеберчиликке бай беттеши катары жердешибиз Тилек Батыров менен тажикстандык Сухроб Айдарбековдун беттешин баалоого болот. Бири атаандашын муунтууга аракет кылып жатканда, экинчиси өзүн коргогон ыкма жасап жатты. Жыйынтыгында Тилек ийгиликтүү ыкма колдонуу менен жеңишке жетишти.  

66 килограмм салмакта

Тилек Батыров (кыргыз өлкөсү) - Сухроб Айдарбеков (Тажикстан) - жеңишке Т.Батыров жетишти. 

70 килограмм салмакта

Руслан Эмилбек уулу (кыргыз өлкөсү) - Рустем Мукатов (Казакстан) - жеңишке Р.Эмилбек уулу жетишти.

Мирлан Асеков (кыргыз өлкөсү) - Рауль Татараули (Грузия) - жеңишке Р.Татараули жетишти.

77 килограмм салмакта

Айдарбек Ашымов (кыргыз өлкөсү) - Муборокшо Муборокшоев (Тажикстан) - жеңишке М.Муборокшоев жетишти.

Эдил Сарыбаев (кыргыз өлкөсү) - Алексей Бадюков (Казакстан) - жеңишке А.Бадюков жетишти.

Алтынбек Мамашев (кыргыз өлкөсү) - Азиз Ибрагимов (Тажикстан) - жеңишке А.Мамашев жетишти. 

Төлөгөн Рахманберди уулу (кыргыз өлкөсү) - Нурсултан Разибоев (Өзбекстан) - жеңишке Н.Разибоев жетишти.

Жаныбек Аматов (кыргыз өлкөсү) - Георгий Кекелия (Орусия) - жеңишке Ж.Аматов жетишти.

Рамазан Никарамазанов (кыргыз өлкөсү) - Александр Филимонов (Орусия) - жеңишке Р.Никарамазанов жетишти. 

84 килограмм салмакта

Мелис Жолдошев (кыргыз өлкөсү) - Ринат Фахретдинов (Орусия) - жеңишке Р.Фахретдинов жетишти.

93 килограмм салмакта

Нурбек Исмаилов (кыргыз өлкөсү) - Рустам Юсуфов (Өзбекстан) - жеңишке Н.Исмаилов жетишти. 

Жалпы жыйынтыкка келе турган болсок, орун алган 11 рейтингдик беттештин жыйынтыгында 6:5 эсебинде жергиликтүү спортчулар жеңишти камсыздай алышты. Бул беттештерден кийин 2 супер беттеш орун алды. Анда кыргыз спортчулары Актилек Жумабек уулу менен Данияр Бабакулов кез келип, айыгышкан беттеш көрсөтүштү. 3 раунддун жыйынтыгында жеңүүчү аныкталбай, калыстын чечими менен тең чыгуу катталды. 

Андан соң күндүн башкы беттешинде жердешибиз Бакыт Бекбоев өзбекстандык Хусан Баратов менен кез келди. Бул беттеш 1 раундга созулуп, кыргыз спортчусу жеңишке жетишти. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Boldukan86
2015-03-16 00:20:39
ушул спорт туру эч жакпайт. мыкаачылык менен ойноп жаткандай корунот.
0
Ariet7
2015-03-16 01:44:28
ээн акыркы сурот жакшы экен, ак фуфолка))
0
Blueaffair
2015-03-16 02:30:20
Алга жигиттер
0
kgnur90
2015-03-16 02:49:53
Ак аюу жок го
0
realbek89
2015-03-16 04:01:04
Тологон женилгени жаман болуптур
0
Beki035
2015-03-16 07:26:11
Тологон Ош облустунан беле
0
Zarema94
2015-03-16 08:25:02
Биздин азаматтар, куттуктам! Дайыма биринчи орунду камсыздашынарга тилектешмин!
0
al-abu-kinesz
2015-03-16 12:26:57
саркарбаев менен ак аюу жок го?
0
artur_95kg
2015-03-16 16:16:10
бунун видеосун качан жүктөйсүңөр видеосун көрө алабызбы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан