Актилек менен Даниярдын беттешүүсүн бул спорт түрүнүн кыргыз жеринде пайда болуп, ири мелдештер өтүп келгенинен кабары барлардын баары күткөн. Себеби эки мушкер тең жеткиликтүү деңгээлде абройго ээ. Көптөн күтүлгөн беттеш атаандаштардын бири-бирин сыноосу менен башталды. Бутка "жакшы жүрүп" (рингде өзүн алып жүрүүдөгү жогорку чеберчилик), колу менен сокку узатканды мыкты өздөштүргөн Данияр чабуулду уюштуруп жатты. Ал эми сол буту менен мыкты тепкени менен өзгөчөлөнгөн Актилек атаандашынын чабуулун күтүп, каршы чабуул уюштуруп жатты. Кези келгенде Актилек атаандашын алгач бөйрөккө, анан эки-үч ирет бет талаштыра тепкенге үлгүрдү. Бирок Данияр соккуга туруштук берүү менен атаандашын колу менен таамай муштаганга жетишип жатты. 3 раундда атаандаштар болгон күчүн жумшап, мыкты беттеш тартуулашты. 3 раунд аяктаганда калыстар жеңүүчүнү аныктоо үчүн кошумча бир раунд бермек болушуп, бирок уюштуруучулардын кийлигишүүсү менен мушкерлердин тең чыкканын жар салышты.
84 килограмм салмакта. Бакыт Бекбоев - Хусан Баратов
Өзбек спортчусу өз кезеги келгенге чейин жердештерин 8 бурчтукка коштоп чыгып, алардын кандай мушташуусу керектигин айтып турду. Анын 8 бурчтук сыртында кылган аракеттеринен улам жеңиш үчүн баарын кылууга даяр экенин баамдоого болот эле. Бирок 8 бурчтуктун ичине кирген соң ал бир катасы менен кыргыз спортчусуна утулуп калды. Бакыт Бекбоев атаандашы менен кармашып, жерде ыңгайлуу абалды күтүп жатышты. Ошол учурда Б.Бекбоев атаандашынын бутун кармап турса, атаандашы буга карабай аны бетке чаап жатты. Ошол учурда кыргыз спортчусу Х.Баратовдун бутун чоюп, беттешти мөөнөтүнөн мурун өз пайдасына чечип алды.