12-февралда укук коргоо кызматкерлери тарабынан Токмок шаарынын 1992-жылы туулган Б.А., 1993-жылы туулган Б.Б. жана 1988-жылы туулган И.Б. аттуу тургундары талап-тоноо кылмышына шектелип кармалышты. Бул тууралуу Чүй ОИББинин басма сөз кызматы билдирди. Маалым болгондой, 5-февралда Токмок шаарынын бир тургунун белгисиз 3 адам көчөдө жүргөн жеринен унаага салып, шаардын четине алып барып, акчасын жана уюлдук телефонун тартып алышкан. Учурда аталган кармалгандар убактылуу кармоочу жайга камалып, кылмыш иши козголгону маалымдалды.