Бүгүн Чемпиондор Лигасында “Арсенал” конокто “Монакого” каршы турат

Бүгүн, 17-мартта УЕФАнын Чемпиондор Лигасынын жарым чейрек финалдык баскычында жооптук оюндар өтөт. Мелдештин расмий сайты кабарлагандай, анда командалар чейрек финалдык жолдомону өз ара талашышат.

Алгачкы оюнда “Монако” конокто “Арсеналды” 3:1 эсебинде утуп алганын эске алсак, Францияда бул күнү кызыктуу беттеш орун алышы мүмкүн. “Арсенал” мелдештен оңой четтеп калчу командалардан эмес экенин буга чейинки жылдары далилдеп келген.

“Монако” (Франция) – “Арсенал” (Англия)

Монако шаары. “Луи II” стадиону  

Калыс: Свейн Моэн (Норвегия)

Башталышы: 01:45 (Бишкек сааты боюнча)

(Алгачкы оюндун жыйынтыгы - 3:1)

 

Кийинки беттеш Германиянын “Байер” клубу менен Испаниянын акыркы сезондогу чемпиону “Атлетиконун” ортосунда болот. Командалар алгачкы оюнда айыгышкан беттеш көрсөтүп, анда 1:0 эсебинде германиялыктар жеңишке жетишкен. Бул жолу оюн Мадридде өтөт.  

“Атлетико” (Испания – “Байер” (Германия)

Мадрид шаары. “Висенте Кальдерон” стадиону  

Калыс: Никола Риццоли (Италия)

Башталышы: 01:45 (Бишкек сааты боюнча) 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
brend007
2015-03-17 10:46:06
урматтуу админ кайсы телеканалдан корсок болот?
0
Beki035
2015-03-17 11:12:03
Бишкекте болсоңор Кткдан көрсөңөр болот
0
brend007
2015-03-17 12:23:56
чон рахмат. Ошточу? Мен Оштонмун.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан