Кыргыз спортчусу Валентина Шевченко эл аралык уюмдун версиясы боюнча "Жылдын мыкты спортчусу" наамына көрсөтүлдү

Кыргыз спортчусу, акыркы 6 жылдан бери Перу мамлекетинин желеги астында бир катар ири мелдештерге катышып келген Валентина Шевченко “СпортАккорд” эл аралык уюмунун версиясы боюнча “Жылдын мыкты айым спортчусу” наамына көрсөтүлдү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар кабарлайт.

Маалыматка ылайык, бул наам үчүн В.Шевченко орусиялык Яна Кудрявцева (гимнастика), германиялык Анна Шаффельхубер (лыжа спорту), мексикалык Аидо Роман (ок атуу спорту), англиялык Шарлотт Дюжарден (ат спортунун), англиялык Эмили Скэррэт (регби), швейцариялык Флоренс Шеллинг (хоккей), англиялык Жева Ментор (нетбол), канадалык Кейли Хамфрис (бобслей), норвегиялык Марит Бьёрген (лыжа спорту) менен ат салышат. Жеңүүчүнү аныктоого багытталган добуш берүү 24-мартка чейин уланат. Жеңиш ээсинин ысымы 23-апрелде Сочиде өтө турган отурумдун жыйынтыгында аталат.  

Мындан тышкары аталган уюм “Мыкты спортчу мырза”, “Спорттун шаары” номинациялары боюнча жеңүүчүлөрдү аныктайт. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Taku.14.02
2015-03-17 11:39:42
баракелде
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан